Иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды

Бишкек шаарында 26-сентябрда “Кыргызстандагы жаштардын саясатка аралашуусу: чектөөлөр жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу иликтөөнүн  жыйынтыгынын бетачары болду. Аталган иликтөөнү “Чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусун алга жылдыруу” деген долбоордун алкагында "Лигал просперити" Коомдук фонду уюштурган.

Ал иликтөө акыркы 11 айдын ичинде Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында жүргүзүлгөн. Бардык иликтөөчүлөр иликтөөнүн отчету менен Кыргызстандын жаш лидерлери менен активисттерин 2016-жылдын 26-сентябрында тааныштырышты

Толук маалымат 

 

адам укутары боюнча мектеп

2016-жылдын 6-10- сентябрь күндөрү  Ысык-Көлдүн жээгинде адам укуктары боюнча жайкы мектеп иштеди. Мектеп өлкөнүн жети регионундагы студенттердин, журналисттердин жана юристтердин өкүлдөрүн чогултту.

 

Толук маалымат

Кыргызстандын жаш активисттери македонияда болуп кайтты "

"Жаштардын чечим кабыл алууда катыштыгын жогорулатуу" долбоорунун алкагындан Кыргызстандын жаш активисттери, журналисттери жана саясий партиялардын жаш мүчөлөрү Македонияда бир жума тажырыйба алмашышты  Толук маалымат

ПРОТИВОДЕЙСТВИЕ ПЫТКАМ

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кыйноолорго каршылык көрсөтүү жана аларды иликтөөнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жаатында көрүп жаткан аракеттерин колдоо үчүн «Лигал просперити» Коомдук фонду 2016-жылдын 1-мартынан баштап  “Кыйноолорду эффективдүү иликтөөгө прокуратура кызматкерлеринин мүмкүнчүлүгүн көтөрүү аркылуу жетишүү” деген долбоорду ишке ашырууга киришкен.