АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА МЕКТЕП

Адам укуктары боюнча мектеп

2016-жылдын 6-10- сентябрь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде адам укуктары боюнча жайкы мектеп иштеди. Мектеп өлкөнүн жети регионундагы мектептердин,студенттердин, журналисттердин жана юристтердин өкүлдөрүн чогултту.  Бардык катышуучулар регионалдык активисттер үчүн жер-жерлерде уюштурулган бир күндүк тренингдин жыйынтыгы боюнча тандалып алынган.

Иш-чаранын негизги максаты адам укуктарынын теориясы жана аны алга жылдыруу боюнча активисттердин билимин жогорулатуу болду.   

Адам укуктары боюнча мектеп Кыргызстанда жаш укук коргоочулардын жаңы толкунун жаратууга шарт түзөт.  

Адегенде Кыргызстандын жети областынын 175 жаш активисттери үчүн бир күндүк жети тренинг өткөрүлдү. Тренингдин программасына адам укуктарынын өнүгүшүнүн тарыхын, адам укуктарынын теориясын, материалдык жана процессуалдык  адам укуктарын өзүнө камтыган темалар киргизилди. Тренингдин аягында Адам укуктары боюнча мектеп долбоорунун экинчи баскычында окуу  үчүн 25 активдүү  катышуучу тандалды.

Мектептин чакыртылган лекторлорунун катарында Кыргызстандын Акыйкатчысы  Кубат Оторбаев, кыйноолордун алдын-алуу боюнча Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов, Башкы прокуратуранын кылмыш процесстеринин сотко чейинки мезгилинде адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы  Бакытбек Кетиренов, БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын регионалдык өкүлү Ришард Каменда, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусунун эл аралык эксперти Ярослав Копчук жана аны менен бирге өкмөттүк эмес бир катар укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү Нурбек Токтакунов, Валентина Гриценко, Зейнеп Дыйканбаева, Мирлан Медетовдор болушту.

Ар бир сессиянын программасында теориялык жана практикалык окуулар болду. Анын негизинде катышуучулар билим гана алышпастан адам укуктарын коргоо боюнча практикалык тажрыйбаларга да ээ болушту.

Адам укуктары боюнча мектепти "Фридом Хаус Кыргызстан" укук коргоо уюмунун колдоосу менен  "Лигал просперити" Коомдук фонду уюштурду.